“КИМ КАНДАЙ НАМАЗ ОКУЙТ?» Абдишүкүр ажы Нарматов.

“КИМ КАНДАЙ НАМАЗ ОКУЙТ?»

Абдишүкүр ажы Нарматов.

 

Имам Абу Ханифанын белгилүү шакирттеринин бири ал-Кади Абу Юсуф, мечитте  Хатим деген жаш жигит такыбалык тууралуу сүйлөп жатканын угат да, катуу таасирленет. Кийин шакирттерине келип: Жүргүлө, Хатимге барып сүйлөшүп отуруп келели , — дейт.   Мечитке келип Хатимди табышат. Абу Юсуф андан: Бизге намаз жөнүндө айтып бересиңби? – деп суранат. Хатим: Намаздын адептери жөнүндө айтайынбы, же кандай окулары жөнүндөбү? – деп сурайт. Мен бир суроо берсем, ал андан эки суроо таап чыкты деп таңданат Абу Юсуф, анан: алгач адептери жөнүндө сөз кыл, — дейт. Хатим: Намаздын адептери:

— Буйрукту толук аткаруу;

— Аллахтан сооп үмүт кылуу;

— Намазга ниет кылып анан киришүү;

— Аллахты улуктап “Аллаху Акбар” деп такбир айтуу;

— Куран аяттарын  так эрежеси менен окуу;

— Үрүкү жана сажданы берилүү, коркуу менен аткаруу;

— Ташахуд дубасын чын ыкылас менен айтуу;

—  Акырында салам айтып намазды бүтүрүү, — деп жооп берет.

 

Абу Юсуф: Эми намаздын кандай окуларын айтып берчи, — деп өтүнөт. Хатим: Намаз окуганда:

— Эки кашымдын ортосунда Кааба;

— Көз алдымда Кыямат таразасы;

— Таман алдымда Сырат көпүрөсү;

— Оң тарабымда бейиш;

— Сол тарабымда тозок;

— Желкемде өлүм периштеси тургандай абалда намаз окуйм, — дейт. Абу Юсуф дагы сурайт: Канча убактан бери намазды ушинтип окуйсуң? Жыйырма жылдан бери, — дейт Хатим. Ошондо жигиттин айтканына катуу таасирленген Абу Юсуф шакирттерине кайрылып: Жүргүлө, кеттик, биз эми элүү жылдык намазыбызды кайрадан окуп алалы – деген экен.

Жараткан Аллах баарыбызга намазды туура, так анан эң негизгиси чын ыкылас менен окууну насип кылсын.

Абдишүкүр Нарматов.

Nasaat.kg

 

Эскертүү, макалага алымча-кошумча кылып өзгөртүүлөрдү кийрибеңиздер, жана автордун укугун бузуп, шилтемлереди да өзгөртпөңүздөр… Бул макала Nasaat.kg сайтына гана тийешелүү. АМАНАТ!

 

Nasaat.kg;Сайтыбыз: http://nasaat.kg/

 

Ютуб баракчабызhttps:

//www.youtube.com/channel/UCqQm_Zv87xqL0AkCLMMjOdw

 

Фейсбук баракчабыз:
https://www.facebook.com/a0701147888/?ref=bookmarks

 

Инстаграм: https://www.instagram.com/nasaat.kg/

 

Телеграмм; https://t.me/nasaatkg_Abdishukur_Narmatov

 

Ok.ru баракчабыз: https://ok.ru/nasaat.k

 

Баян-насааттар үчүн Ватсап: 0701147888. Эскертүү, ватсаптан суроо-жооп болбойт! Катталаарда өзүңүздүн номериңиз менен атыңызды контакт кылып сактап жөнөтсөңүздөр…