Мавлид москвада

Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдушүкүр Нарматов устаз 23-январдан, 6-февралга чейин Орусиядагы кыргыз мигранттары менен жолугушуу өткөрүп келди.

КМДБнын орусядагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган бул иш чара Пайгамбарыбыз Мухаммаддын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) туулган айынын урматына болуп өттү. 24-январда Москва шаарында 1200 адамдын катышуусунда өткөн «Мавлуд» кечесинде устаз Абдушүкүр сүйүктүү пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) тууралуу кеңири маалымат берип, анын өмүр-жолу, алып келген дини тууралуу кызыктуу лекция окуду. Ошондой эле демөөрчүлөрдүн колдоосу менен жылда уюштурулуп келген ажылык лотереясы дагы ойнолуп, Москва шаарында иштеген эки жердешибиз ажылыкты утуп алды. Андан кийин «Проспект Мир» мечитинде баянын улантты. Бул жолу 3000 ден ашуун жердештерибиз жолугушууга келишти. Ушул эле күнү татар туугандар тарабынан уюштурулган Мавлид кечесине катышып, Орусия мусулмандарынын муфтийи Равил Гайнуддин менен жолугушту.

Абдушүкүр устаздын андан аркы сапары Орусиянын бир катар шаарларында уланып, Омск, Новосибирск, Свредловск сыяктуу бир катар ири шаарлардагы мусулман боордоштор менен жолугушуу болуп, өз эли-жеринен алыста мусапыр болуп жүргөн жердештерибизге рухий күч-кубат тартуулады.