“ДУБА – ИБАДАТТЫН МАҢЫЗЫ” Абдишүкүр ажы Нарматов.

“Дуба – ибаддаттын маңызы”

Абдишүкүр ажы Нарматов.

Бай киши досторун үйүнө чакырат. Булар чогулуп арак ичүүнү адат кылышкан эле. Алардын алдына коюуга алма алып келгин деп, тиги бай, кызматчысын базарга жиберет. Колуна төрт дирхем карматат. Кызматчы жолдо баратып Мансур бин Аммар деген такыба кишини көрүп калат.  “Ким кедей адамга төрт дирхам берсе, мен ага төрт жолу дуба кылам”, – деп, күбүрөнүп отуруптур Мансур. Жаштайынан бата алганга кызыккан жигит, кожоюнунан кеп угаарын билсе да, жанагы төрт дирхемин Мансур бин Аммарга карматып, бата сурайт. Мансур:

— Сага эмнени сурап дуба кылайын? – деп сурайт. Жигит:

— Менин кулдуктан азат болуумду, мен берген акчанын ордуна кайра төрт дирхемдин кайтарылуусун, аракка берилген кожоюнумдун аракты таштоосун, менин, сиздин  жана кожоюнумдун күнөөлөрү кечирилүүсүн сурап дуба кылыңыз, — дейт да, көңүлү тынчып, үйүнө кайтат.

Бар акчасын батага алмашып, же акчадан жок, же алмадан жок куру-кол келген кызматчысына кожоюн катуу ачууланат. Кызматчысы акчаны Мансур бин Аммарга берип, андан бата сураганын укканда демин  басып, жоошуй түшөт да:

— Биринчи эмнени дуба кыл дедиң? – деп сурайт. Жигит:

— Кулдуктан азат болуумду, – дейт. Кожоюн:

— Анда сени азат кылдым, эми эркинсиң, — деп, кайра сурайт: — экинчи дубаң эмне болду?

— Мен берген акчанын ордуна кайра төрт дирхем кайтарылсын дедим, – дейт жигит. Кожоюн дирхем толо баштыкты жигиттин алдына таштап:

— Төрт эмес, төрт миң дирхем, менден сага белек болсун, — дейт. Анан кийинки дубасы жөнүндө сурайт. Жигит:

— Аллах Тааладан сизди аракты таштатуусун сураңыз дедим, — дейт. Муну укканда кожоюн бир чети жигитке ыраазы болуп, бир чети уялып, көзүн жаштап:

— Мен өзүм үчүн ушинтип дуба кыла албадым эле, сага ырахмат, — дейт да, алдындагы арагын төгүп, экинчи оозуна албаска ант берип, тобо кылат. Анан төртүнчү дубасы тууралуу сурайт. Жигит:

— Аллах Тааладан өзүмдүн, сиздин жана бардык мусулмандардын күнөөлөрүн кечиришин сураңыз дедим, -дейт. Кожоюн:

— Кечирүү мага тиешелүү эмес, бардык күнөөлөрдү кечирүүчү Кечиримдүү Аллах Таалага тиешелүү сыпат, муну Аллахка калтыралы, — деп жигитти узатат.

Анан жуунуп, тазаланып, намаз окуп, өткөн-кеткен күнөөлөрүнө тобо кылып, кечинде уйкуга жатат. Уктаар замат түшүндө: “Сен колуңдан келген жакшылыгыңды кылдың, кулуңду азат кылдың, колуна акча бердиң, тобо кылып, арамды таштадың, күнөөлөрүңдү кечирүү Аллахка таандык, Аллах Таала сенин да, кызматчыңдын да, Мансур бин Аммардын да күнөөлөрүн кечирди” деген үн угулат.

 

Дуба – ибадаттын негизи. Аалымдар: Мусулмандын экинчи бир мусулманга кылган жашыруун дубасы сөзсүз кабыл болорун жана дуба кылган адамга периштелер: “Мусулман бир тууганыңа каалаган жакшылыктарың сага да болсун!” – деп дуба кылышарын айтышкан.

 

Абдишүкүр ажы Нарматов.

Nasaat.kg

Эскертүү, макалага алымча-кошумча кылып өзгөртүүлөрдү кийрибеңиздер, жана автордун укугун бузуп, шилтемлереди да өзгөртпөңүздөр… Бул макала Nasaat.kg сайтына гана тийешелүү.

Nasaat.kg;Сайтыбыз: http://nasaat.kg/

 

Ютуб баракчабыз; https://www.youtube.com/channel/UCqQm_Zv87xqL0AkCLMMjOdw…

 

Фейсбук баракчабыз:
https://www.facebook.com/a0771710871/

 

Инстаграм: https://www.instagram.com/

 

Телеграмм; https://t.me/nasaatkg_Abdishukur_Narmatov

 

Ok.ru баракчабыз: https://ok.ru/nasaat.k

 

Баян-насааттар үчүн Ватсап: 0701147888. Эскертүү, ватсаптан суроо-жооп болбойт! Катталаарда өзүңүздүн номериңиз менен атыңызды контакт кылып сактап жөнөтсөңүздөр…