«ЖАКШЫ КУЛК-МҮНӨЗ” Абдишүкүр ажы Нарматов.

«ЖАКШЫ КУЛК-МҮНӨЗ”
Абдишүкүр ажы Нарматов.

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыздан (Ага Аллахтын мээрими жана ырайымы болсун): Адамдардын бейишке кирүүсүнө себеп болгон амал кайсы? — деп сурашканда, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын мээрими жана ырайымы болсун): «Аллахтан коркуу жана жакшы кулк-мүнөз» — деп жооп берди.

Аллах Таала Кереметтуу Куранда мындай деп айткан: «Ким Аллахтан корксо, ага (Аллах Таала) кыйынчылыктардан чыгуунун жолун көрсөтүп коёт».

Аалымдардын бири айтат: Мен бир иштин себебинен көпкө чейин кайгыга батып жүрүп калдым. Ал кайгыдан арылуунун жолдорун издедим, бирок таппадым. Андан кийин төмөнкү аятты окуп, издегенимди таптым: «Ким Аллахтан корксо, ага (Алла Таала) кыйынчылыктардан чыгуунун жолун көрсөтүп коёт жана ага өзү күтпөгөн тараптан ырыскы берет».

Ушул аятты окугандан кийин кыйынчылыктан жана кайгы-кападан чыгуунун жолу такыбалык экендигин түшүндүм. Жана такыба болгон сайын кайгыдан кутулуп, дайыма куунак жашай баштадым. Ар бир мусулман адам Аллахка гана тобокел кылып, Аллахка гана таянуусу зарыл. Анткени, тобокел кылууга Аллах Таала жетиштүү.

Nasaat.kg
Абдишүкүр ажы Нарматов.

Эскертүү, макалага алымча-кошумча кылып өзгөртүүлөрдү кийрибеңиздер, жана автордун укугун бузуп, шилтемлереди да өзгөртпөңүздөр… Бул макала Nasaat.kg сайтына гана тийешелүү. АМАНАТ!

Nasaat.kg;Сайтыбыз: http://nasaat.kg/

Ютуб баракчабыз; https://www.youtube.com/channel/UCqQm_Zv87xqL0AkCLMMjOdw…

Фейсбук баракчабыз:
https://www.facebook.com/a0771710871/

Инстаграм: https://www.instagram.com/

Телеграмм; https://t.me/nasaatkg_Abdishukur_Narmatov

Ok.ru баракчабыз: https://ok.ru/nasaat.k

Баян-насааттар үчүн Ватсап: 0701147888. Эскертүү, ватсаптан суроо-жооп болбойт! Катталаарда өзүңүздүн номериңиз менен атыңызды контакт кылып сактап жөнөтсөңүздөр…