РАМАЗАНДЫН АКЫРКЫ “10” КҮНҮНДӨ БУЛАРДЫ УНУТПА! Nasaat.kg ден Насаат…

РАМАЗАНДЫН АКЫРКЫ “10” КҮНҮНДӨ БУЛАРДЫ УНУТПА!

Nasaat.kg ден Насаат…

1. Ибадат кылууда өзүңдүн эркиңе, күч-кубатыңа таянба! Эгер Аллах жардам бербесе, пенде бир тасбих айта албайт, бир ирекет намазга да тура албайт, бир аятты да окуй албайт! Ар бир ирекетте окуп жаткан “Ийяка наьбуду, ва ийяка настаийьн” “Сага гана сыйынабыз, Сенден жардам тилейбиз” деген аяттарга маани бер. “Сенден башка күч, Сенден башка кубат берүүчү жок” деп Аллахка таянып, күч-кубат, бекем эрк тилеп дуба кыл!

2. Напсиң ибадаттан четтеп, жалкоолоно баштасаң, Кадыр кечесинде 1 саат аткарган ибадатың 3000 күндүк ибадаттан, ал эми бир мүнөттүк ибадатың 50 күндүк ибадаттан артык экенин ага эскерт! Бул мүмкүнчүлүктөн куру калуу кандай өкүнүчтүү…!

3. Убактыңды бекер коротуп, пайдасыз отуруштарда отурба! Мындайга кийин да убакыт табылат. Үйдө болобу, мечитте болобу Жаратуучуң менен бирге бол! Этикафка отура алсаң сонун иш, эгер отура албасаң, анда убактыңды текке коротпой, туура пайдалан!

4. Ибадаттын бардык түрүн аткарууга аракет кыл, Куран оку, намазга тур, зикир чал, дуба кыл, Аллах жараткан макулуктарга ой жүгүрт! Ибадаттын түрдүү болуусу адамга шык берип, зээриктирбейт!

5. Аллах Таала сага кайсы бир ибадатты аткарууга мүмкүнчүлүк берсе, аның менен мактанба, сыймыктанба. Ибадатка мактануу анын сообун кетирет. Жер бетинде сенден да ибадаткөй, сенден да такыба пенделер бар экенин эсте. Бизге ибадаттын көптүгү эмес, кабыл болгону маанилүү!

Nasaat.kg ден Насаат…

🔴Эскертүү, макалага алымча-кошумча кылып өзгөртүүлөрдү кийрибеңиздер, жана автордун укугун бузуп, шилтемлереди да өзгөртпөңүздөр…

Бул макала Nasaat.kg сайтына гана тийешелүү.

Nasaat.kg;Сайтыбыз: http://nasaat.kg/

Ютуб баракчабыз; https://www.youtube.com/channel/UCqQm_Zv87xqL0AkCLMMjOdw?view_as=subscriber

Фейсбук баракчабыз:

https://www.facebook.com/a0771710871/

Инстаграм: https://www.instagram.com/

Ok.ru баракчабыз: https://ok.ru/nasaat.k

Баян-насааттар үчүн Ватсап: 0701147888. Эскертүү, ватсаптан суроо-жооп болбойт! Катталаарда өзүңүздүн номериңиз менен атыңызды контакт кылып сактап жөнөтсөңүздөр…